Президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 10-майда, россия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты. Россия Президенти ошондой эле Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктады.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Владимир Путин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Россия вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД