Чолпонбек Абыкеев Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалды

Чолпонбек Абыкеев Министрлер кабинетинин төрагасына кеңешчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жазуучу, журналист Чолпонбек Абыкеев буга чейин "Аалам" гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, Мамлекеттик архив агенттигинин директору кызматтарында иштеп келген. "Бриллиант жылан" романынын, "Качкын", "Кызыл көйнөкчөн келин", "Көрпенде" сыяктуу бир катар повесттердин, бир канча аңгеме, новеллалардын автору.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД