Бишкек: Аянтта айт намаз өткөрбөө сунушталды

Бишкек мэриясы быйылкы Орозо айт майрамында да аянтта айт намаз өткөрбөөнү сунуш кылып жатат. Бул тууралуу 10-майда борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди:

"Бишкек мэриясы коронавирусту алдын алуу үчүн төмөнкү чараларды сунуштайт: Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жума намазын мечитте жамаат менен окууга тыюу салуу, чыңалып турган эпидемиологиялык абалда жакында көп сандаган эл чогулуучу айт намазын өткөрбөө сунуш кылынат".

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий каттоого алынгандары 92 миң, каза болгондору 1600дөн ашуун адам, бирок чынында оорунун масштабы мындан көп экенин адистер айтып келишет.

2020-жылы айт намаздары аянтта окулган эмес.

Бул боюнча акыркы чечимди муфтият кабыл алат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД