Бишкекте 206 жол эрежесин бузган чет өлкөлүк унаа аныкталды

"Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 1-майдан тартып, 7-майга чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 206 авто унааны аныктады. Алардын ичинен 162 Россияныкы, 10 Арменияныкы, 4 Грузияныкы, 7-Абхазияныкы , 1-Азербайжандыкы 12 жана башка чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар. Булардын баарына КРнын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 8 чет өлкөлүк авто унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында койулган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат",- деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД