Тажиктер кыргыздын балдарын бербей койду. Окуя кандай аяктады?

Мындан мурун, тажик тарап, аскер конфликти учурунда Тажикстандан кайтып келаткан Кыргызстандын жарандарынын балдарын алып калды, деген маалымат тараган. Тажикстан бул кадамын ата-эненин жарандыгы Кыргызстандыкы болгону менен балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Тажикстандан алынган, демек алар Тажикстандын жараны, деп түшүндүргөн. Балдарды балдар үйүнө өткөрүшөт, деген маалымат да чыккан.

Ата-эне Бишкекке келээри менен ТИМге жана журналисттерге кайрылып, жардам сурашкан. Шералиевдин айтымында, бүгүнкү күндө маселе чечилди.

"Бул адамдар Тажикстандан Кыргызстанга бир нече жыл мурун көчүп келип, жарандыгын алмаштырышкан. Келгенден бери Чүй облусунда жашашат. Пандемия башталганда балдары менен Жерге-Талга, ата-энесиникине, кетишкен. Конфликт башталганда кайра Кыргызстанга кайтып келатканында өздөрүн чек арадан өткөрүп, балдардын жарандыгы Тажикстандыкы деген шылтоо менен чыгарбай коюшат. Балдарды балдар үйүнө өткөрүп салабыз, деп коркутушкан экен. Бирок, белгилүү болгондой, аларды чоң ата-чоң энесиникине жеткирип коюшуптур. Ата-эне Бишкекке келип, ТИМге жана журналисттерге кайрылып, жардам сурашкан. ТИМ менен элчилик тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балдарды каалаган учурда алып чыгуу уруксатын алышкан. Бирок балдардын чоң аталары азырынча алып кетпей туруусун суранышкан", - деп Шералиев айтып берди.

Kaktus.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД