Бишкекте батирден эркек кишинин сөөгү табылды
Бишкекте батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 09:53тө куткаруучулар Октябрь районунун 6-кичи районунда жайгашкан №7үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 50 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.