МИНИСТРЛИК: МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛДЫ

"Педагогдордун эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө" системасы ишке кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздап, финансылык тартип бузуунун төмөндөшүнө шарт түзөт. Ошондой эле негизсиз маяна алган учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат.

Мындан тышкары, текшерүү органдары айткан кемчиликтер жоюлуп, ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы ала турганы айтылды.

Бул система 2019-жылдын ноябрь айынан баштап Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негеизинде апробациядан өткөнү кошумчаланды


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД