Индияда коронавирус менен ооругандардан "мукоромикоз" оорусу катталды

Гуджарат штатында дарыгерлер мукоромикоз чыккандыгын катташты. Бул көгөрүп кеткен сейрек кездешүүчү оору. Индияда буга чейин 100дөн ашуун адам аталган ооруну жуктуруп алышкан. "Кара көктүн" айынан сегиз бейтаптын көзү көрбөй калган.

"Дарыгерлер бул илдет коронавирус менен ооруп жаткандарга же коронавирус болуп бүткөндөргө башкаларга караганда көбүрөөк коркунуч туудурарын айтышты.

Индия бийлиги эпидемияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрө баштады. Өкмөт штаттагы айрым ооруканаларда мукоромикоз менен ооругандар үчүн атайын бөлүмдөрдү түздү.

"Мукоромикоз" терини жана ички органдары жабыркатат. Жада калса өлүмгө да алып келиши мүмкүн"- деп айтылайт маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД