Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Казакстандан үч медаль алып кайтышты

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы эл аралык мелдеште 3 медаль алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мелдеш 7-9-май күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Казак ССРинин балбаны, олимпиада чемпиону Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналып өткөрүлдү.

Мелдешке Казакстан, Орусия, Грузия, Украина, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан барган 250дөн ашык спортчу күч сынашып, Кыргызстандан Бекзат Орункул уулу (82 кг) алтын, Аркыт Орозбеков (97 кг) менен Давран Садыков (130 кг) күмүш медаль алып кайтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД