Башкы прокуратура "тергөө менен кызматташууну" жоюуну сунуш кылды

Кыргызстанда тергөө менен кызматташуу ыкмасын жоюу сунуш кылынууда. Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга койгонун мекеменин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна 10-майда билдирди.

Анда айтылгандай, "тергөө менен кызматташуу тергөөнүн сапатынын бир кыйла төмөндөшүнө алып келди, себеби макулдашуу түзгөндөн кийин тергөөчү далилдерди чогултууну токтотуп коюп, айыпталуучунун моюнга алган көрсөтмөлөрү менен гана чектелип калууда".

Башкы прокуратура белгилегендей, макулдашуу түзүлгөндө жазанын сөзсүз түрдө болушу жана жоопкерчилик кимде экенин аныктоо тууралуу принциптер бузуларын тажрыйба көрсөттү.

Эгер сунуш колдоо тапса, Жазык-процесстик кодекстен мындай түшүнүк алынат. Ошол эле учурда күнөөнү моюнга алуу жана тараптардын жарашуусу жөнүндө макулдашуулар каралат.

Кыргызстанда 2019-жылы бир катар кодекстер жаңыланган. Ага ылайык, айыптоочу жана жактоочу тараптар кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүп, жаза жумшартылат. Кылмышка шектүү тарап бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.

Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД