Карапайым эл үчүн электр энергиясынын баасын көтөрбөө сунуш кылынды

Бүгүн, 10-май күнү электр жана жылуулук энергиясына болгон жаңы тарифтик саясат жөнүндө маалымат жыйын болуп өттү. Анда отун-энергетикалык комплекстин көз карандысыз эксперти Расул Умбеталиев социалдык тарифти мурунку баасында калтырыш керек экендигин билдирип, өз тарифтерин сунуштады.

"Президентке карапайым эл үчүн социалдык тарифтерди калтырсак деп сунуш кылып атам. Жалпы элге 77 тыйындын ордуна 1 сом 48 тыйын деген тарифти бир жагынан колдоп жатам, бир жагынан социалдык тарифти калтыралы деп сунуштап жатам. Анткени азыркы учурда элдин жашоо турмушу кыйындап кетти. Азык-түлүк кымбат, бензин кымбат, коронавирус илдети күчөп жатат.

Карапайым элге социалдык норманы 700 киловатт бойдон калтыралы. Ким 700 киловаттан 2 миң киловаттка чейин колдонсо 1 сом 48 тыйын кылалы, ким 2 миң киловаттан 5 миң киловаттка чейин колдонсо 2 сом 50 тыйындан төлөсүн. Ким 5 миң киловаттан 10 миң киловаттка чейин колдонсо 5 сомдон төлөсүн, ким 10 миң киловатт айына колдонсо 10 сомдон төлөсүн деген сунушту айтам", - деди Умбеталиев


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД