Бишкекте бир жума ичинде 363 унаа айып короосуна токтотулду

Бишкек шаарында бир апта ичинде 4 миң 579 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен:

* Мас абалында автоунаа башкаруу - 32;

* Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9;

* Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 45;

* "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 34;

* Башка жол эрежелерин бузуулар - 4 459;

Ал эми 363 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД