Кыргызстандагы спорт тууралуу алгачкы телесериалдын трейлери жарыяланды

Кыргызстанда биринчи жолу спорт тууралуу тартылган "Стимул" телесериалынын трейлери Youtube каналына жарыяланды.

Тасманын автору жана режиссёру Темирлан Жумабековдун айтымында, телесериал күрөш, дзюдо, бокс тармагындагы өкүлдөрдүн жашоосун баяндайт. Сериалга актёр катары көбүнчө дасыккан спортчулар тартылган. Фильмди тартуу иштери аягына чыккан. Режиссер телесериал жакынкы аралыкта көрүүчүлөрдүн назарына сунуштала турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД