Жалал-Абад: Сууга чөккөн 6 жашар баланын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына түшүп кеткен 2015-жылы туулган Ж.А. аттуу жаш баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 8-май саат 16:45те маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

Маалыматка ылайык алар бир тууган байкеси экөө отун алуу үчүн барышкан.

Саат 11:20лар чамасында жерине Чаткал райондук Өрт куткаруу бөлүгүнүн башчысы капитан Н.Төрөбаевдин жетекчилигинде 12 кутаруучу Ички иштер кызматкерлеринен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам жалпы 42 адам тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД