Ысык-Көлдө каза болгон кишинин уу коргошун ичкени кабарланууда

6-майда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 60 жаштагы тургуну Чолпон-Ата аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн.

Дарыгерлердин аракетине карабай бейтап эсине келбей каза болгон. Маркумдун жакындары милицияга ал ооруп, уу коргошун ичкенин айтып беришкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин бул окуяга юридикалык баа берилет.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул

Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган. 20-апрелде уу коргошунга ууланган төрт бейтап оор абалда ооруканага жеткирилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавируска каршы дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилденбегенин эскертишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД