Дагы 416 адамдан коронавирус аныкталып, алты бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 416 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Былтыр пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 98 миң 79 адамга коронавирус жуккан.

8-майга карата коронавирустан 6 адам каза болду, ал Бишкекте төрт, Чүй облусунда бир адам, Ысык-Көлдө бир учур катталды. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1649га жетти.

Бир сутка ичинде 308 бейтап коронавирустан айыкты. Ошентип жалпы айыккандардын саны 91 267 адамга жетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД