Интернаттагы чырдан өспүрүм бала көз жумду

Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернаттагы тарбиялануучулар арасында уруш чыкты. Анын кесепетинен өспүрүм көз жумганын бүгүн, 7-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

25-апрель күнү саат 23:00 чамасында Москва районундагы ооруканага 15 жаштагы С.Н. жеткирилип, кийинки күнү ошол ооруканада көз жумган.

Тергөөнүн маалыматына карасак, интернатта маркум менен 12 жаштагы А.С. жана 17 жаштагы Х.Р. чырдашкан. Алар маркумду сабап, андан кийин медицина кызматкерлерине алып барышкан.

Тергөө уланып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД