Кара-Суунун 105 жаштагы тургуну Орусиянын 2 шаарын бошотууга катышкан

Улуу Ата Мекендик согуштун 105 жаштагы ардагери Макамбай Абдикаримов Ростов жана Сталинград шаарларын фашисттерден бошотууга катышкан.

Макамбай Абдикаримов 1916-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тельман айылында туулган. 20 жашынан "Жаңы Шарт" колхозун 5 жыл башкарган. 1941-жылы Жапалактагы "Ворошилов" колхозуна чабан болуп иштеди. 1942-жылы өз каалоосу менен Кызыл Армиянын катарына кошулуп, согушка аттанган.

"Алгач Казакстандын Петропавловск облусунда 1 айлык даярдыктан өттүм. Андан соң атайын рота менен Ростов облусуна барып, 3 ай согуш талаасында болдум. Ростовду немис армиясынан бошотконбуз. Кийинчерээк Сталинградды бошотууга катыштым. Немистердин армиясын курчап алдык. 1943-жылдын 15-январында мен октон жаракат алып, госпиталга жөнөтүлдүм. 5 күндөн соң немистер миңдеген аскери жана маршалы менен багынып берди. Пенза облусунун Кузнецкий районундагы госпиталында 3 ай дарыланып, Чита облусунда 2 операцияны башымдан өткөрдүм", - деди ардагер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД