18 жаштагы төрт улан кандуу кырсыкка учурады

Автоунаада 18 жаштагы төрт эркек болгон. Кырсыктын кесепетинен бирөө каза болсо, калганы райондук ооруканага жеткирилген.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды

Билдирмеге караганда, кырсык 7-май күнү саат 00:57лер чамасында Шаты - Ичке-Суу- Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) болгон.

"Анда BMW-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, автоунаанын ичиндеги 18 жаштагы үч улан жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгү Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД