Баткен жаңжалында шейит кеткендер эскерилди

Баткен шаарынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда мекен үчүн окко учкан айылдаштарын эскеришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, калаа тургундары маркумдардын сүрөттөрүн топтоп, эскерүү видеосун даярдашкан.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасында кыргыз тараптан көз жумгандардын саны 36 адамга жеткенин билдирген. Көз жумгандардын ичинен 33 адам жергиликтүү жашоочу болсо, үчөө аскер кызматкери. Арасында жаш балдар да бар. 10 адам барымтага алынып, сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайтарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД