Бишкекте 100гө жакын окуучу коронавирус жуктуруп алган

Бишкек шаарындагы 33 мектепте окуучулар арасында коронавирус илдети табылган. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова брифингде кабарлады.

Анын ичинде 12 мектеп карантинге жабылган, 21 мектептеги 43 класс онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Бул мектептердеги 32 кызматкер коронавирус менен, жетөө пневмония менен ооруп жатышат. 94 окуучудан коронавирус табылган, 10 окуучудан пневмония аныкталды.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 385 адамдан коронавирус табылды. Былтыр пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 97 миң 663 адамга коронавирус жуккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД