Казакстандын президенти дагы Орусиядагы Жеңиш парадына катышпайт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусияда өтө турган Жеңиш парадына катышпайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматчысы Берик Уали Фейсбук баракчасына жазганын аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Жеңиш парадына катышуу үчүн Орусиядан расмий чакыруу түшкөн эмес.

"Президент Касым-Жомарт Токаев Москвадагы Жеңиш парадына катышыбы деген суроо биздин дарекке көп келип түшүүдө. Бул боюнча Орусиядан расмий чакыруу түшкөн жок, ошондуктан президенттин Москвага барышы пландалган жок", - деген Берик Уали.

Белгилей кетсек, 9-майда Москвада Жеңиш парады өтөт.

Буга чейин, 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына Эмомали Рахмон катышары маалымдалган.

Ал эми президент Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага барбай турганы буга чейин маалымдалган. Бул маалымат азыркы тапта дагы интернет желелеринде кызуу талкууланууда. SUPER.KG порталы президенттин маалымат катчысы Галина Байтеректен Садыр Жапаров эмне себептен Москвага барбай турганын сурап, төмөнкүдөй жооп алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД