Филиппинде беткапты туура эмес кийгендер камака камалат

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полицияга беткап кийбегендерди камакка алууну буйруду.

"Мен полицияга беткап такпаган адамдарды камакка алууну жана алардын эмне үчүн ушундай кылып жаткандыгын билүүнү тапшырдым", - дейт Филиппин президенти.

Тактап айтканда, масканы туура эмес кийип алгандар - оозу-мурдун жаппастан ээгине кийгендер да полиция тарабынан кармалат.

"Мамлекеттин бул аракети башкаларга вирус жуктурбоо жана өзүн дагы коргоп жүрүү максатын көздөйт", - деди Дутерте.

Пандемия башталгандан бери Филиппинде 1 миллиондон ашуун адам коронавирус жугузуп, 17 миңден ашуун бейтап көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД