Ташиевдин тажик өкүлдөрүнөн кечирим сураганы жалган

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан делегациясы менен чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча жолугушуу учурунда Ятимовдон кечирим сурады" деген видео фейк экенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган видео буга чейин социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеодо кыргыз жана тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Анда Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчи Өмүрбек Суваналиев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган тажик делегациясы отурган.

Ал эми, УКМКнын басма сөз кызматы аталган видео атайын монтаждалган деп билдирип, Камчыбек Ташиев кечирим сураган жок деп ишендирүүдө.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы жана чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Тажикстандын делегациясынан кечирим сурады деген видео материал монтаждалган. Бул видео мекеменин башчысын жаманатты кылууга багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин жогоруда сөз болгон жолугушуулардын жыйынтыгында Тажикстан тарап эки өлкө ортосундагы биргелешкен билдирүүнү расмий жарыялаган. Анда тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканы айтылган. Капчыгай (Танги) айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонору жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алары жазылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД