С.Жапаров:Чек арада жакындары каза болгон үй-бүлөлөргө 1миллион сом төлөнөт

Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду. Президент бүгүндөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы, заманбап турак жайлар куруларын белгиледи. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда. Ошондой эле талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да башталат. Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтып берди. Донордук долбоордун аркасында мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге мамлекет башчы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолоруна жооп берди. Эл негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөк пулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышты. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД