"Балбактап жааган аппак кар, конуштар байкуш кантти экен?" Вице-мэрден жооп

Бишкек шаарынын экс-мэри Балбак Түлөбаев жааган кардан улам шаардыктар жана мэрия кызматкерлери кантти экен, деп ыр жазган.

Аны Фэйсбуктагы баракчасына жүктөп, вице-мэр Жамалбек Ырсалиевди белгилеп кеткен.

Шартылдап жааган аппак кар

Шаарыбыз аман болсо экен

Техникасы аз эле

Жамалбек досум кантти экен?

Балбактап жааган аппак кар

Конуштар байкуш кантти экен?

Эстесем жүрөк буркулат

Жамалбек байкуш кантти экен?

Асфальты жок, жолу жок

Автобусу кечиккен

Айласы кетип буулуккан

Шаардыгым байкуш кантти экен?

Бриджит Бардо аяаган иттерибиз аманбы?

Эки күн суук болот дейт

Э Жамаке техникаң деги даяарбы?

Эртең менен турганда

Э, Жамаке, аппакай алкоо алыңыз

Тамашалап турбасам татаал сенин жумушуң

Табасы канып шылдыңдап табакташың кылжыңдайт

Өлкөбүз менен шаарыбыз, түптүү журтум жалпыбыз

Буттан туруп тай-тайлап кадам шилтеп турубуз.

Бир саат мурда Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев шаардыктарга Фейсбуктан отчет берди:


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД