"Биригели" коомдук бирикмеси Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерди

Бүгүн 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Биригели" коомдук бирикмеси Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүү максатында "Баатырлар аллеясы" мемориалында гүл коюу аземин өткөрдү.

Жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын, ардагерлерин жаштар унутуп бара жатат. Жаштар интернет айдыңында көп убакыт өткөрүп, идеалдары өзгөрдү. Баатыр деген сөздүн мааниси, түшүнүгү башкача болуп кабыл алына баштады. Иш чаранын максаты: курман болгон баатырларды эскерип, даңазалоо, чыныгы баатырлар кимдер экенин жаштардын эсине салуу жана патриоттук сезимин ойготуу. Иш-чара "Баатырлар аллеясы" мемориалында өттү. Мемориал Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенге 30 жыл толгонго карата 1975-жылы ачылган. Советтер Союзунун Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко жана Г. А. Петренконун бюсттары, Кыргызcтандык Советтер Союзунун Баатырларынын жана Даңк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган.

Эскерүү иш-чарасы баатырлардын ысмы жазылган мемориал тактага гүл коюу менен башталды. Алгач сөздү "Биригели" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Баяманов иш-чараны ачып жатып, баатырларды эскерүү менен баштады. Азамат Баяманов курман болгон баатырларга ыраазычылык билдирип, иш-чарага катышып жаткан кайдыгер эмес жаштарга рахмат айтуу менен бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп тураарын белгилеп өттү. Кийинки сөз коомдук ишмер Самат Асаналиевге берилип, ал учурдагы тынч жашообуз баатырлардын каны, жаны, чоң эмгеги менен келгенин баса белгиледи.

Андан кийин "Биригели" коомдук бирикмесинин спикерлерине сөз берилди. Спикерлер Кыдыралиев Жаныбек, Алымбекова Кымбат, Сейитказиев Шердатка, Абдиллаев Жоробай, Алмазбеков Бексултан, Кадыркулов Абдусамат баатырларды эскерип, ыраазычылык сөздөрүн айтышты. Иш-чаранын соңунда курман болгон баатырлардын элесине багышталып Куран окулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД