"Мени Райым-миллион атка кондуруп, крайний кылууда. Жегендер – өздөрү"

КРнын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Бек Борбиев 2 айга камакка алынган Райымбек Матраимов тууралуу Фейсбук баракчасынан үн катты.

"Райым досум жөнүндө унчукпайсың" дегендерге Борбиевдин жообу (толугу менен эч өзгөртүүсүз берилди):

"Досумду "Мекеним Кыргызстан" партиясынын съездинен бери көрө элекмин. Съездден кийин олтуруп, сүйлөштүк. Мен алдыңкы 30 талапкердин ичинде болчум, негедир ошол күнү чийилип кеттим. Эмнеге деген суроомо, жогорку номер 1 чи адам (С. Жээнбеков) ошондой чечим кылды деди. Мен ага эмне кылыптырмын деп күлдүм, сени "неуправляемый" деген таризде алып салды деп түшүндүрдү. Макул, а эмнеге тиги 20,30 жылдан бери элди жеп келаткандарды кошуп алдың дедим, анткени мурда тизмеде жок эле адамдарды ошол съездден көрдүм, болгондо да алар алдыңкы тизмеде болуп калыптыр. Аларды дагы номер 1 чи күчкө салып, бизге кошуп салды деди. А биз бир жыл мурда башкача сүйлөштүк эле го, таза, эл үчүн иштей турган жаш саясатчылардан түзүлөт, акча бар, эч кимге көз каранды болбойбуз дегенсиң. Кана ал сөздөр, айтор, досум башка нукка түшүп, жогорку күчтөрдүн кысымында калганын түшүндүм. Эми ишиңер чатак, шайлоонун эртеси күнү эл көтөрүлөт, андан эптеп кутулсаңар, жазында чоң толкундоо болот, ошого туруштук берээр бекенсиңер, не болсо да ийгилик деп, кол алышып чыгып кеттим. Мен тээтиги 30 жылдан бери элдин чекесине чыккан чыйкан болуп парламентте олтуруп келаткан адамдар менен бир катарда туруп калбаганым жакшы болду, раазымын дедим. Шайлоого аралашпай Токтогулдун тоолорунда эс алып жатып алдым. Ойлондум, мен номери 1 ге "неуправляемый" болуп көрүнөт окшойм, демек бул жакшы, демек коркот экен. Мени башкарып алам деген катаал иш экенин байкаган тура. Бул жаман эмес, ошондуктан ал киши мага Эл артисттик наамга берилген документтеримди 4 жолу кайтарып берген турбайбы. Түшүнүктүү.

Баса, мурдагы номер 1 чи адам жөнүндө бир жолу досум айтты эле. Ал мени Райым-миллион атка кондуруп, элге коррупциянын символу деп крайний кылууда. А чындыгында мен ылдый жактагы катардагы менеджеримин, жеп келгендер дал ошол өздөрү. Албетте, мен муну азыр дагы кийин дагы далилдей албай калышым мүмкүн, анткени алар акча алган жерлерде күбө эч качан болбойт, бирок акырына чейин күрөшөм, кудайга койдум деп бир улутунган.

Мына азыр ошол күрөшү жүрүп жатат. Досумдун көп касиеттерине баа бердим. Биринчиси качкан жок! Качуу мүмкүнчүлүгү, шарты болсо дагы, мунусун ак экенимди далилдейм, күрөшөм дегени деп туйдум. Экинчиси "менеджерлик" үчүн 2 миллиарддан ашык акча мамлекетке төктү. Кана ошол номер 1 чилер 1 тыйын төктүбү, жок. Алар 2,3 жыл олтуруп чыгып кетем, акчам өзүмдө калат деп, түрмөдө. Сапар Исаковду качырып, качпай жооп берип, тергөө менен иштешип жаткан адамды камоо, таң калычтуу мага. Өзү биздин бийликке эмне жагат. Качып кеткендер демек туура кылып жатыптыр да, чыгымды төлөсөк деле баари бир камашат, деп. Муну менен кийинки кузам дегендерге качууга себеп бердиңер окшобойбу.

Бир жолу досум Атамбаевге кирип, мени кызматтан алам деп турасыз, билем. Баткен облусуна губернатор кылып жибериңиз, 6 завод-фабрика курам, бир көп кабаттуу үйлөрдөн турган микрорайон салам. Ар бир ишканада 10,20 миңден кем эмес жумушчу оруну болот десе, тиги Райымдан 10 эсе бай адамыбыз коркуп кетиптир. Эмнеге, анткени Баткен өнүгүп, башка тарап итке минип турса албетте Ашага чоң минус, досум герой болуп кетмек.

Жакындан кабарым жок, бирок угушума караганда мамлекетке акча төгүү үчүн мал-жандыктарга чейин саттырыптыр. Негизи акча колдун кири, ден-соолук болсун

Өзүңдү кара досум, бул күндөр да өтөт. Алыскы жылуу, деңиздин боюнда кайыкта термелип олтурганды тандабай, өз элиңди, жериңди тандап, акыйкатыңды издеп олтурасың, баарына кудай бар.

Кечээ митингде, бизди чийип ордубузга алып келген досторуң көрүнгөн жок, убактылары болбой калды окшойт...

P. S. Жигиттин башына эмнелер гана келбейт, башты жогору көтөр, жакшылыктар алдыда досум".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД