Самара Каримова Оштогу окуу жайдын директорлугунан баш тартты

"Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым - окуу жайдын директорлугунан баш тартам", - деп Самара Каримова Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

Бул тууралуу ал арызын жазып, министрликке жолдоорун айтты.

"Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм", - дейт ырчы.

Анын айтымында, мындан эки жыл мурда "мыйзамдуу дайындалган кызматында укугу одоно бузулуп, бошоп, шагы катуу сынган" экен.

"Сотто жеңип чыгып, чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай астында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим. Кызматыма кайрадан киришип, музыкалык окуу жайды аз убакта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок, окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду", - деп жазды Каримова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД