Наркты сыйлаган Бейшенбек Бекешовдон айрылдык. Некролог ордуна

27-декабрда белгилүү журналист, коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов дүйнөдөн кайтты. Ал 61 жашта эле.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилет.

Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТР, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.

1990-жылдары ал КТРдеги "Коломто" автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган. Акыркы жылдары ал ишкерлик менен алектенип, Бишкекте "Айыл азыгы" деп аталган дүкөндү иштетип жаткан.

Бул суук кабарды кыргызстандыктар терең кайгыруу менен кабыл алышты. Кош болуңуз! Сиз ар дайым жүрөгүбүздүн түпкүрүндөсүз, дегендердин ичинде анын пикирлеш-санаалашы тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов бар.

"Наркты сыйлаган, даңазалаган Бейшекеден айрылдык, - дейт ал, -Бабасы Балбайдай баатыр мүнөзү, куйкумдуу сөздөрү, Асек атадан калган устачылыгы, жаштайынан калыптанган мээнеткечтиги Бейшекени өзгөчөлөнтүп турчу".

Ал менен болгон сырдашууларын мындайча эскерүүдө:

- Быйыл Эмгек сиңирген ишмер наамын алганда куттуктасам: Кыяс аке кайсынысын айтасың, теледе өлөрчө иштеп албаган наамды эми минтип дүкөнчү болгондо берип жатпайбы" - деп күлдүргөн эле. Бул билген адамга күлкү эмес эле. Бейшекедей мыктыларды баалабаган күйүт эле! Наркты, салтты даңазалаган Бейшеке теледен четтетилип, дүкөнчүлүк менен алектенгенге аргасыз болду. Бирок теледегидей эле дүкөнчүлүктү да катырып, кыска аралыкта "Айыл азыгын брендке айландырып койду. Бирок Бейшекенин орду билген адамга дүкөнчүлүк эмес, Телевидение болчу! Элдин Коломтосуна от жагып, көкүрөгүнө наркты, салтты, динди жеткирүү эле! Аттиң дүйнө!

Бейшеке жолуккан сайын: "Мен минтип дүкөнчү, сен колуңа кетмен кармаган багбан болот деп ким ойлоптур?!" - деп кейип калчу. "Биздин мээбизди сыгып, акылыбызды саап, агартуучулугубузду пайдаланса, мамлекетибизге алда канча кызматыбыз артпайт беле!" - деп күрсүнүп алаар эле.

"Вечерний Бишкек" басылмасынын жалпы жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД