Садыр Жапаров: Жердештерим коррупциялык иштери менен камала баштады...

Мен азыр эч ким эмесмин, деген ой камтыган маалымат бүгүн Садыр Жапаровдун Facebook социалдык тармагындагы баракчасында пайда болду.

Ал Баш прокурор, УКМК, ИИМ, Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда "мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм, деп айтканын кыргызстандыктарга эскертти. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш, деп жазат С.Жапаров.

- Алар элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, "айтылган сөз, атылган ок"

Президенттикке талапкер С. Жапаров, бардык жарандардын мыйзам алдында бирдей жооп бериш керектигин айтты.

"Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак, эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД