4-декабрда "Манас Ордо" комплексинде бир сутка Манас айтылат

4-декабрь "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою Манас айтылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, бул иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлөт.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД