"Ата Мекендин" курамынан чыгуу тууралуу партиянын дагы 3 мүчөсү арыз жазды

Бүгүн, 27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Мекен" партиясынын курамынан чыгуу тууралуу арыз дагы 3 кишиден келип түштү. Бул тууралуу БШК билдирди.

БШКнын маалыматына ылайык, сөз 2015-жылы берилген тизме боюнча депутаттыкка талапкерлер: Талантбек Узакбаев, Ташполот Балтабаев жана Рысбек Мирзаматов жөнүндө болууда.

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык мандатын тапшыруу жана партиянын катарынан чыгуу маселеси чечилмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД