Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Комиссия бүгүн бул маселени кароого чогула турганы белгилүү болду.

"Ата Мекен" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Жогорку Кеңешке жаңы депутаттык болуп келет.

24.кж. басылмасынын маалыматы боюнча, Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын гана тапшырбастан, "Ата Мекен" партиясынын катарынан чыга тургандыгын билдирген. Ал мындай чечимди Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам кабыл алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД