Орловкадагы жылуулук берүү ишканасынын жумушчуларына айлык берилбей жатат

Орловкадагы жылуулук жана суу бөлүп берүү ишканасынын жумушчулары 2019-жылдын август айынан бери айлык акыларын ала алышпай келүүдө. Бул тууралуу VB.KG редакциясына аталган ишкананын эмгек жамааты билдирди.

-Биз, Ороловканын жылуулук жана суу бөлүп берүү ишканасынын жумушчулары сиздерден айлык акы маселесин чечип берүү боюнча жардам сурап кайрылабыз. Келишим боюнча, Кызмат берүүчү ай сайын 20-числого чейин айлык акы менен камсыз кылууга милдеттүүлүгү көрсөтүлгөнүнө карабастан, 2019-жылдын август айынан бери маянабызды ала элекпиз.

Ушул маселени чечүүгө жардам берип коюуңуздарды суранабыз.

Ушул эле мазмундагы катыбызды Бишкектеги энергетика боюнча Профсоюздар комитетине жана Эмгек инспекциясына да кайрылганбыз", - деп айтылат ишкананын эмгек жамаатынын кайрылуусунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД