Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы күчүндө калтырылды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКалар билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, соттук коллегия биринчи инстанция чыгарган мурдагы депутатты Бишкектеги № 1 тергөө абагында калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Ошону менен бирге жактоочу Замир Жоошев ЖМКларга билдиргендей, сот далилдерди эске албай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал эми Равшан Жээнбековдун айтымында, Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия саясий тапшырыкты аткарды.

Эске салсак, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 12-декабрда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында экс-депутатка КР Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) жана 264-беренеси (Массалык баш аламандык уюштуруу) боюнча билдирүү берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД