С. Жээнбеков: Азимбек Бекназаровго элчилик кызматты өзүм сунуштадым

Азимбек Бекназаровго элчилик кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйындын жүрүшүндө айтылды. Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уланып жатат.

-Мен ага бул кызматты өзүм сунуштадым. Азимбек Бекназаров оюн түз айтат, ал мурда эле жемкорлукка каршы күрөштө алдыңкылардын катарында жүргөн. Мен анын энергиясын туура тарапка багыттагым келди. Ал абдан жакшы кызмат кылып берет деп ишенем, - деди президент.

Мындан тышкары ал Турсунбек Акун жөнүндө да пикирин билдирди.

-Ал абдан оригиналду, рамкага батпай турган киши. Ким болбосун, президент болобу же башкасыбы оюн ачык айтат, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД