С. Жээнбеков: Бабановдо күнөөсү жок экендигин далилдөө мүмкүндүгү бар

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентСооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны өтүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштери боюнча түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчынын айтымында, Өмүрбек Бабановго байланышкан абалды, чоң саясаттын бизнеске аралашкандыгы катары атаса болот.

-Азыр Тергөө иштери жүрүп жатат. Бул козголгон кылмыш иштери кандай аяктаарын убакыт көрсөтөт, - деди президент.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткендигин билдирип, "Республика" партиясынын лидерлигин өз каалоосу менен өткөрүп берген. Ага карата ЭКККМК тарабынан бир нече кылмыш иши козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД