Афган коркунучу. БА жана Кыргызстандын чек аралары туруштук бере алабы?

Азыркы убакта афган талибдери 127 афган уезддерин кармап турушат. Түндүктөгү абал абдан кооптуу болууда. Бул тууралуу VB.KG редакциясына азыркы Афганистанды иликтөө Борборунун эксперти Никита Мендкович билдирди.

Анын айтымында, азыр ал жерде түзүлгөн абал адаттагы талибдердин түштүгүндө жана Афганистандын түштүк-чыгышында салыштыргандан да коркунучтуу. Түркмөндөрдүн чек арасынын 80 пайызы, тажик чек арасынын 50-65 пайызы алардын көзөмөлүндө турат. Согушкерлерди Хайратон алдынан артка кубалагандан кийин, алар өзбектердин чек арасынан алыстап калышты. Бизге белгилүү ИМ үч базасы жана түндүктөгү Аль-Каиданын эки базасы алигиче жок кылына элек.

Белгилей кетсек, өткөн жумадагы Коопсуздук кеңешинин башчыларынын жана улуттук коопсуздук бюнча кеңешчилердин Ирандагы жолугушуусунда, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев "Ислам мамлекети" Афганистандан Борбордук Азияга кол салууга даярданып жаткандыгын билдирди.

-Алар негизги күчтөрүн Афганистандын түндүгүнө барууга багытташууда, ал жакта "Талибанга" каршы туруу жана Түркмөнстан менен Тажикстан аркылуу Борбордук Азияга кол салуу үчүн эки миңден ашык согушчандар топтолгон", - деп РИА Новостиге белгиледи РФ Коопсуздук кеңешинин башчысы. – ИМ таянычы Афганистандын чыгышында жайгашкан – ал жакта 1,5 миң жихадчылар жана жаңы согушкерлер бар, алар Пакистан аркылуу Сириядан жана Ирактан келишүүдө. Алардын түпкү максаты курамына Афганистан жана Борбордук Азия өлкөлөрү кирген "Улуу Хорасанды" түзүү болуп саналат.

Согушкерлер мындай планды "Ишкобод" тажик чек ара заставасына чабуул жасап "байкап көрүштү". Анда террористтердин колунан 17 адам курман болду.

Бирок, эксперттерди согушкерлердин афган чек арасынан гана эмес, өзбекстандык чек ара аркылууТажикстандын чек арасына терең кирип барганы чочулатууда.

-Азыркы убакта Борбордук Азиянын коопсуздугуна Афганистандын аймагы тараптан коркунуч туулуп жаткандыгы активдүү талкууланууда. Регионалдык эксперттердин көпчүлүгү кескин өзгөрүүлөрдүн жүрүшү болбойт деген ишенимде. Же жаман сценарий түзүлдү дегенде, чек ара коопсуздугу боюнча Талибан менен активдүү диалог жүргүзүп жаткан Өзбекстан ТИМ макулдашууга жетишүүсү мүмкүн. Бирок, ИГИЛдин жана башка эл аралык террористтик топтордун Афганистандын чек арасы аркылуу КМШ өлкөлөрүнө кирүү үчүн, Афганистандын аймагын плацдарм катары колдонушу мүмкүн деген кабарлар келип түшүүдө. Мында Тажикстандагы терактылардын жүрүшү жана ушундай аракет кылуулар белгилүү бир кооптонууну жаратууда, - деп белгиледи Мендкович.

Чынында эле эл аралык терроризм Афганистандын түндүк чек араларына чыктыбы? – деп суроо салат эксперт.

-БУУнун 2018-жылдын декабрь айында жашыруундуулугу алып салынган, 2019-жылы февраль айындагы отчетуна караганда, Аль-Каиданын террористтик тармагынын Тажикстан менен чектешкен райондорунда, афгандык Бадахшанда өздүк базалары бар. Алардын штабы Шигнан районунда жайгашкан. Провинцияда аларга Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Россиядан келген 500гө жакын согушчандар баш ийишет, алардын арасында КМШда тыйуу салынган террористтик топтордун мүчөлөрү бар. Бул адамдар көбүнчө талибандар менен кызматташып жана алардын катарында согушат. Буга Худжанттан келген "Махди" деген каймана аты бар террорист Исмат Келдиев мисал боло алат, ал 2019-жылы март айында Тажикстанда камакка алынган. Кылмыш ишинин маалыматы боюнча, ал 2011-жылы террористтердин катарына өтүп, 2011-жылы Пакистан аркылуу Афганистанга барып, бир нече жылдар бою даярдыкта машыгып, Талибандын катарында согуштарга катышкан. Чет жакта жүргөндө интернет аркылуу Худжанттагы тарапташтары менен байланышып, аларды ысык точкаларда террористтер тарабында салгылашууга үгүттөгөн. 2018-жылы ал Тажикстанга кайтып келген, бирок, камакка алынып, айыпталган, - деп эске салды ал.

"Чыгыш Туркестан исламдык партиясынын" тобу афгандык Бадахшанда гана аракет жүргүзөт, ал кытайлык уйгурлар тарабынан уюшулган, анын жергиликтүү лидерлери – Хаджи-Фуркан жана Маулави Ибрагим талаа командирлери болуп саналышат. Мына ушундай коркунучтан Кытай Бадахшандагы Вахан районунда өз аскердик бөлүгүн кармап жана Тажикстандын түштүгүндөгү жерди колдонуп, ошондой эле Синьцзянга чектеш жерде тартип орнотууга мажбур болууда.

-БУУнун жогоруда айтылган отчетторундагы маалымат боюнча, Бадахшандагы чет жердик согушкерлер Талибан менен кызматташып, афгандыктарга салыштырмалуу алардын билимдүүлүгү аркылуу аскер инструкторлорунун жана жашыруун медресенин мугалимдеринин ишин аткарууда. Аль-Каида менен Талибандын мисалында мындай кызматташуу жашыруун жүргүзүлөт, анткени, ал жөнүндө Айман аль-Завахири тобунун азыркы лидери көп жолу билдирүү жасаган. БУУнун отчетунда ИГИЛдин топторунун Өзбекстан менен Түркмөнстандын чек арага жакын жайгашкан райондорундагы активдүүлүгү айтылган. Балх, Сари-Пуль, Фарьябда Талибанга тиешелүү, бирок ИГИЛге жан тартып, афган "эмири" Абу-Омар аль-Хорасанинин таасириндеги отряддар аракет кылышууда. Мага жеткен маалыматтар боюнча, мындай отряддар бир эле учурда Талибандын жана ИГИЛдин желектерин колдонуп жана бул саясый союздарды ыңгайына жараша колдонушат, - деп белгилейт Мендкович.

Тажик чек ара заставасына болгон чабуулдун комплекстүү тапшырмалары болгон. Алардын негизгилеринин бири – түштүк чек арасында кийинки операцияларда колдонуу үчүн курал жарактарды, форманы, чек ара бөлүктөрүнүн документтерин басып алуу болгон, -деген ишеничте эксперт.

-Андан тышкары, согушчандар үчүн Афганистандагы афгандык жана чет элдик аскердик топторго караганда күчтүү болгон КМШ күч структураларына каршы жергиликтүү ийгиликтерге жетишүү маанилүү болгон. Чабуул Өзбекстандын чек арасындагы абалды "байкап көрүүгө" багытталышы да мүмкүн. Афганистандагы чет жерлик террористтердин арасында адатта Фергана өрөөнү менен байланышта болгон этникалык өзбектер көп, алар республикадагы террористтик ишмердикти кайрадан жандандырууга жана жергиликтүү жашыруун уюмдар менен байланышууга аракет кылууга умтулушат. Эске салсак, 2015-жылы "Өзбекстанга көпүрө салуу" менен бирге Ош облусундагы террористтик жашыруун уюм түзүү тапшырмалары берилген, бирок, алар жергиликтүү бийлик тарабынан өз учурунда аныкталган, - дейт Мендкович.

Анын пикиринде, мындай болуп өткөн аракеттер согушкерлердин кызыкчылыгына жооп берген жана Тажикстандын күч структураларын оор абалга алып келди. Биринчиден, бул өлкөдө былтыркы жылы жүргүзүлгөн аскердик операцияларга карабастан, активдүү ИМ жашыруун тобу бар экендигин көрсөттү. Экинчиден, афгандык тилкеде чек араны кайтаруу маселесинде көйгөйлөрдү, чабуул учурунда "терезелердин" бар экендигин көрсөттү.

-Республикалык күч структураларынын эмгегин жана ийгилигин азайткым келбейт, бирок, болгон окуя, ыңгайсыз факторлор афгандык аймак жактан коркунуч жоголбой, кайрадан күчөп турса, жаңы күчтөнүүнү жана аракеттерди талап кыла тургандыгын көрсөтүп жатат, - деп кошумчалады Мендкович.

Мурда эксперт белгилегендей, көпчүлүгүн согушчандар түзгөн афгандык тобу, мезгил-мезгили менен коңшу Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан райондоруна өзүнүн бийлигин орнотуу демилгелерин киргизүүгө аракет кылып турушу мүмкүн. Курал-жарактар, согушуу тажрыйбасы жана өлтүрүүлөр аркылуу афгандык кылмыштуу-террористтик топтор тажикстандык УКТ менен кагылышып кала турган болсо, аларды жеңип алууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

-Эгер Афганистандан келген кылмыш-террористтик топтор баңги заттарын сатууну жана криминалга жакын чөйрөнү баш ийдирүү мүмкүнчүлүгүн алса, анда бийликке аларга каршы туруу кыйын болуп калат. Бул фазанын бийлик менен түз конфликтке өтүшүн – убакыт көрсөтмөкчү.

Маргиналдык диний-саясый агымды чыныгы күчкө айландырып, КМШ өлкөлөрүндө идеология гана эмес, финансылык стимул менен вербовка кылууда наркобизнестин пайдалуулугу негизги маселени жаратат. Ушуга байланыштуу чек арага жакын жайгашкан райондордо тартип орнотуу жана наркотрафик менен күрөшүү Афганистан менен чектеш жайгашкан мамлекеттердин улуттук коопсуздугунун негизги маселеси болуп саналат, - деп билдирди Никита Мендкович.

Согушкерлердин кирип келүү коркунучу Кыргызстанга да тиешелүү. Анын үстүнө Тажикстан менен болгон чек ара райондору боюнча көйгөйлөр, бул багытта биздин мамлекет үчүн кандай көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөттү. Абалды чек арага жакын жайгашкан мамлекет менен чектеш райондор маселесин чечүү тереңдетип жатат. Биздин республика аркылуу өткөн наркоканалдар мурдатан эле ачылгандыгын, кече жакында геориндин ири партиясынын кармалгандыгы көрсөтүп турат.

Автордун чочулоосун акыркы жылдарда республиканын калкынын Кыргызстандагы ячейкалардын фонунда диний радикализациянын активдешүүсү күчөтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД