Өмүрбек Текебаевди үй камагында калтыруу мөөнөтү узартылды

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди үй камагына калтыруу мөөнөтү 2020-жылдын 20-февралына чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Судья Айнура Сатарова соттук териштирүүнүн кароо мөөнөтү аяктаганын, аны узартуу керектигин билдирди.

Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасынын мөөнөтү дагы 2020-жылдын 29-февралына чейин узартылды.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылган. 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. 29-августта Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД