Мирлан Жээнчороев "Республика" партиясынын лидери болуп дайындалды

Бүгүн, 20-декабрда "Республика" партиясынын кезексиз съезди өткөрүлүп, Мирлан Жээнчороев партиянын лидери болуп дайындалды.

Өмүрбек Бабанов саясий карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу дагы бир жолу билдирип, өз эрки менен кызматын өткөрүп берди.

Эске салсак, "Республика" партиясы 2010-жылы Өмүрбек Бабанов тарабынан уюштурулган. Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын 30% добушун алып, экинчи орунду ээлеген. Президенттик жарыштан кийин саясаттан четтегендигин билдирип Россияга кеткен. 2019-жылы ал Кыргызстанга кайтып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД