Сыргак Кенжебаевге карата мурда дагы бир кылмыш иши козголгон

УКМК тарабынан кармалган Сыргак Кенжебаев дагы бир кылмыш ишине шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын жашоочусу Виктор Гавришев "Вечерний Бишкектин" www.vb.kg сайты аркылуу президент жана Башкы прокуратурага кайрылып, 2013-жылы Бишкек ШИИБдин тергөөчүсү У.Баялиев, Россиянын жараны С. Богданов жана мурдагы депутат Ширин Айтматованын жолдошу С.К. менен биргеликте мыйзамсыз кылмыш ишин жасашканын билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматы бул кылмыш иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат берди. Егор Гавришев тергөөдө аныкталбаган адамдар менен 2012-жылдын январь айынан 2013-жылдын февраль айына чейинки аралыкта Кыргыз Республикасына 808 миң 932 долларлык 810 даана спутник телефондорун 20 млн 245 миң 909 сомду түзгөн бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн алып келишкен.

Айтылган факт боюнча 2013-жылдын 11-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (Шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына кылмыш иши тапшырылган. 2013-жылдын 13-сентябрында россиялык жаран С. Богданов ИИМдин Тергөө кызматына Кыргызстандын аймагына "Иридим", "Эксполлер", "Сателейт Кит" үлгүлөрүндөгү 810 спутник телефондорун алып киргизишкени тууралуу жүктүн документтери көрсөткөн.

2013-жылдын 17-декабрында Егор Гавришевдин жүргөн жери аныкталбагандыктан ага Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 204-беренеси (Аткезчилик) жана 201-беренесинде (Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө) көрсөтүлгөн кылмыш иш боюнча айыбы сырттан угузулган.

2019-жылдын 19-февралында Егор Гавришев "Манас" аэропортунан кармалган. 20-февралда ага Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча шектелип жатканы тууралуу маалымдама берилген. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы тандалып, ал үй камагына чыккан.

Егор Гарвишевдин атасы Виктор Гавришев "Вечерний Бишкектин" www.vb.kg сайты аркылуу Бишкек ШИИБдин тергөөчүсү, С. Богдановдун жана С. Кенжебаевдин мыйзамсыз аракеттери тууралуу билдирүү тараткан.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы кылмыш ишин өндүрүшкө алып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД