Ширин Айтматованын жолдошу алдамчылыкка шектелип кармалды

"Үмүт-2020" кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, арыз менен кытайлык жаран М.М. кайрылып, Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү суранган. Ал шектүү алдамчылык жолу менен 350 миң доллар акчасын алып алганын айткан.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

-Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, кытайлык жаран "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабына катышуу максатында, кытайлык ири компаниялардын биринин өкүлү катары инвестиция тартуу жана стратегиялык долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга келгени аныкталды. М.М. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакка катышууга даярдык көрүп жүргөндө С.К. менен таанышкан. Ал инвестордун ишенимине кирип, күтүлбөгөн чыгашаларга байланыштуу деп 350 000 АКШ долларын алган. Ошондой эле С.К. кытайлык инвестордон дагы 250 миң доллар талап кылганы боюнча далилдер табылды, - деп айтылат берилген маалыматта.

Бүгүн, 20-декабрда Сыргак Кенжебаев КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамдагы белгиленген убакытта айып тагылып жатканы тууралуу маалымат берүү маселеси чечилип, баш коргоо чарасы каралат.

-Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова аталган иштин алкагында жолдошу кармалганы тууралуу билдирүүсү боюнча - ал акыркы көрсөтмөлөрдүн биринде С.К. менен ажырашканын жана жарандык никеде жашаганын билдирген, - деп УКМКнын басма сөз кызматынан түшүндүрмө беришти.

Эске салсак, кече күнү Ширин Айтматова жолдошу Сыргак Кенжебаев Алматы шаарынын аэропортунан кармалгандыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД