Токмокто уруксат берилбеген жерлерде күйүүчү майларды сатышууда

Саламатсыздарбы! Токмок шаарында түзүлгөн абал боюнча маалымат берейин дедим эле. Шаар тургундары көп жүргөн көчөлөрдө күйүүчү майларды челектерге жана бөтөлкөлөргө куюп алып сатып жаткандар байкалууда. Бул өтө кооптуу көрүнүш, айланада жүргөн жарандар жапа чегип калуусу мүмкүн. Андан тышкары бул күйүүчү майлардын сапатына эч ким жооп бербейт жана аны сатып жаткандар салык төлөшпөйт.

Мамлекеттик органдар шаардын көчөлөрүндөгү мындай көрүнүштү көзөмөлгө алуусу зарыл. Эгер бул кайрылууну сиздердин сайтка жарыялоо мүмкүндүгү табылса, ыраазычылыгымды билдирем.

Элдик жаңылыкты Максат жазып жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД