"Республика" партиясынын съездинде жаңы лидер шайланат

"Республика" партиясынын жаңы лидери эртең, 20-декабрда, саат 11.00дө өтүүчү съездде шайланат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына саясый уюмдагы булактан билдиришти.

-Съездге партиянын азыркы лидери Өмүрбек Бабановдун эң жакын адамдары гана катышат. Катышуучулардын тизмесине жадагалса парламенттеги фракциянын айрым өкүлдөрү да киргизилген жок. Күн тартибинде бир гана маселе – жаңы лидерди шайлоо каралат. Ушуну менен бирге съезддин эртеңки күнгө дайындалган датасы расмий түрдө жарыяланган эмес. Процесс жабык түрдө өтөт. Лидерликке эки депутаттын – Мирлан Жээнчороев менен Кенжебек Бокоевдин талапкерлиги каралууда. Бирок, көпчүлүктүн пикири боюнча, добуштун көбү биринчи талапкерге - Өмүрбек Токтогуловичтин досуна берилет, - деп айтылат партиядагы булактын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД