Раымбек Матраимов ЖМКга карата доо арызынын шартын атады

Бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матриамов "Азия Ньюс" гезитине маек куруп берди. Ал журналист менен маектешүү учурунда өзүнүн келечектеги пландары, ЖМКга карата доо арызынын шарты, ошондой эле Хабибулла Абдукадыр менен тааныштыгы жөнүндө айтып берди.

Турциядагы иши жөнүндө

-Мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин, бир жылдан ашык убактымды соттук териштирүүлөргө короттум. Бирок ошол учурда бекер отура бербей – бизнес менен алектене баштадым. Анын арты менен мага бир кылымдан ашык тарыхы бар "Акдаглар" турциялык корпорациянын вице-президенттик кызматын сунуш кылышты. Кандай болсо да мен өзүмдүн жердештериме колуман келген жардамымды берүүнү уланта берем, - деди Райымбек Матраимов.

Анын маек бергенине караганда, мурдагы бажы кызматчысы учурда Кыргызстанда жашап жана УКМКнын сурагына күбө катары барып жүргөн окшойт. Ал сурак бергени боюнча маалымат берген жок, мыйзамдын талабы боюнча укугу жоктугун айтты.

"Матраимовдорго каршы кампания"

Райымбек Матраимов Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлай тургандыгын белгиледи. Бирок, "Азаттык", анын ичинен тактап айтканда, журналист Али Токтакунов чуулгандуу маалыматтарды жарыялап аны жаманатты кылгандыгын белгиледи.

-Бул мени каралоо боюнча атайылап пландаштырылган акция. Менин жаманатты көрсөтүүнү башкы максат кылып койгон күчтөр бар, - деген ишеничте Матраимов.

Ошону менен катар, журналисттердин Кыргызстандан чет жакка чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча иликтөөсү жөнүндө түшүндүрмө берип жатып, ал кабарчылар бажы тармагы боюнча мыйзамдар жөнүндө түшүнүгү жок экендигин, мүмкүн ошондуктан корутундулар негизсиз, ал эми фактылар бурмаланып калган деген пикирин айтты.

Иликтөө бир жактуу жүргүзүлгөн, ал Айеркен Саймаити деген жарандын сөздөрүнө негизделген. Бул адам өзү ким? – Ал эл аралык алдамчы болгон. Ушунудай болсо да мени ал адам менен байланыштыргылары келишет. Менин оюмча азыр тыянактарды чыгарып шашылбай, кылдат иликтөө жүргүзүү керек. Буга биринчи кезекте мен өзүм кызыкдармын, - деди Матраимов.

Ал ошондой эле жогоруда айтылган 700 млн долларга да, Айеркен Саймаитиге да эч тиешеси жок экендигин белгиледи.

Сапар Исаковдун аны кызматтан алуусу жөнүндө

Алардын мага 700 млн долларга жабыштырганга аракет кылганы – бул чоң жалаа!

Матраимовдун берген түшүндүрмөсү боюнча, Кыргызстандын банктык системасы либералдуу, ошондой эле накталай акча ташууга да мыйзам жол берет. Бир гана декларация толтуруп, канча акча алып кетип жатканын жазышы керек. Мындай акчадан өкмөткө эч кандай салыктар, төлөмдөр жана жыйымдар алынбайт.

-Эмне үчүн көп убакыттан бери бул жөнүндө унчукпай келишкен. 2019-жылга чейин баары тынч болуп туруп эле, эми Саймаитиге окшогон бирөөлөр пайда боло калат да, иликтөөлөр жана ушундай көрсөтмөлөр чыга баштайт? Эмне үчүн мени жаманатты кылуу кампаниясы шайлоого аз убакыт калганда башталууда?

Мурдагы бажы кызматчысы, эмне себептен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эгер анын мыйзамсыз ишмердигин билген болсо, эч кандай чара көрбөй туруп, "ойдон чыгарып айта салган себеп менен" кызматтан алып салгандыгына түшүнбөй тургандыгын билдирди.

Хабибулла Абдукадыр жөнүндө

Ал ошондой эле өзүнүн Хабибулла Абдукадыр менен тааныштыгы жөнүндө айтып берди. "Азаттык" жана "Клооптун" маалыматы боюнча, Айеркен Саймаити ага чет элдик банктарга акчаларды которуп, акча каражатын чет жакка чыгарууга жардам берип турган.

-Мен Абдукадырды 2007-жылдан бери эл аралык деңгээлдеги инвестор катары билем. Бажыда иштегендер рынокту изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билиши зарыл. Өзбекстанга келчү товарлардын көлөмүнөн Кыргызстан аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү 10% жетпесе керек. Менин оюмча өлкө бизнес үчүн шарттарды түзүп бериши керек. Ал эми бизде тескерисинче, чукуп, козгоп, тынчын алып, ар кандай тоскоолдуктарды жаратышат. Мен билгенден, Хабибулла Абдукадыр Өзбекстанга көптөгөн миллион долларлык инвестицияларды салып жатат. Мындан мамлекет утушка гана ээ болот, - деди Матраимов.

ЖМКга карата доо арызы жөнүндө

Райымбек Матраимовдун айтымында, сабыр кылуунун, чыдоонун, адамкерчиликтин чеги болот.

-Мен ЖМКнын эмнеден коркуп жатканына түшүнбөйм. Чыгарган маалыматтарынын чындыгына көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин. Мага жана менин үй бүлөмө карата маалыматтык агрессия токтобой жатпайбы, мына ошондуктан мен сотко кайрылууну чечтим, - деди Матраимов.

Ал кошумчалагандай, ушунун баарын баштаган журналисттер өздөрү чындыкты моюнга алып, буга чейинки жарыялаган материалдарын төгүндөшсө, анын жактоочулары доо арызды алып коюуга даяр.

Саясаттагы пландар жөнүндө

Райымбек Матраимов басылмага билдиргендей, азыр саясат анын пландарына кирбейт.

-Азыркы учурда мен саясат жөнүндө ойлогонго эмес, өзүмдүн ден соолугума караганга да убакыт болбой жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД