Азиз Батукаевди бошотууга айыпталган судьянын баш коргоо чарасы каралды

Бишкектин Биринчи май райондук соту "кримтөбөл" Азиз Батукаевди бошотууга айыпталган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу VB.KG редакциясына соттогу булактардан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Жапар Эрматов 2020-жылдын 22-февралына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтырылды.

Эске салсак, Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов 16 жылга эркинен ажыратылган "кримтөбөл" Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал Азиз Батукаевдин катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу материалдарды текшербей туруп, аны бошотуп жана чет жакка чыгып кетүүсүнө мүмүкүндүк бергендиги боюнча айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД