Алмазбек Атамбаевге адам өлтүрүүгө шектелип жатканы маалымдалды

Алмазбек Атамбаевге УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы отрядынын командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

-2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон фактылар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан 18-ноябрда өткөрүлгөн экспертизалардын жыйынтыгында, жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда Алмазбек Атамбаевге КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча, УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы отрядынын командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды, - деп айтылат маалыматта.

Мурда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин отурумунда Үсөн Ниязбековго карата мурдагы президентке тийиштүү болгон курал тарабынан ок чыгарылганын баллистикалык экспертиза даилидегенин билдирген. Ушуну менен бирге ал тергөө октун ким тарабынан атылганын иликтеп жаткандыгын белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД