Чек ара жаңжалы: Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышканы кабарлаган.

Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ага чек арачылар, облус жетекчилеринин орун басарлары баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, акимдер катышып жатат. Эки тарап тең элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

-Сүйлөшүүлөр башталгандан 20 мүнөт өтпөй тажик тараптан ок атылып, ИИМ Ички аскердик кызматынын жоокери жаракат алды, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Алдын ала маалыматтарга караганда, октон Самаркандек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Аман Абдылаким уулу да жаракат алды. Андан тышкары 4 адам (үчөө аскер кызматкери) ар кандай жаракаттарды алды. Аларга медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу маскатына Башкы штабдын башчысы - Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна жөнөп кетти.

Эске салсак, бүгүн эртең мененки саат 9 чамасында Баткен облусунун Көк-Таш айылы аркылуу өткөн кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосундагы кайым айтышкандан кийин, бири-бирине таш ыргытышкан. Бир аз тыным алгандан кийин жаңжал кайра уланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД