Шаар тургуну үй мүлкүнөн ажырап каламбы деп чочулоодо

VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын тургуну Тамара Пугина кайрылып, үйүнүн жанында көп кабаттуу үйдүн курулушунун кесепетинен өз мүлкүнөн ажырап каламбы деп коркуп жаткандыгын билдирди.

Шаардын Чокморов көчөсүндө № 81а дарегинде анын анча чоң эмес барак үйү бар экен. Үй бүлө шартына байланыштуу пенсия жашындагы аял кызы жана неберелери менен батирге чыгып кетишкендиктен, алардын үйүндө курбусу 5 жана 8 жаштагы неберелери менен жашап турушат. Бир ай мурда бул үйгө өтө чукул жерге"Ихлас" курулуш компаниясы жаңы көп кабаттуу үйдү курууга активдүү даярдана баштаган. Курулуш техникалары менен аянтча тазаланып, куюла турган фундаменттин аянты – пенсионер аялдын үйүнүн короосунан болгону 6 метр жерде белгиленген.

-Бул жерде техника иштеп жатканда, биздин үйдүн эшик-терезе, дубалдары титирей баштады. Куруучулар короомдун баарын казып салгандыктан, күнү бою эшикке чыга албай отурабыз. Эми суу түтүктөрүн өткөрүү үчүн чуңкур казып, аларды алмаштырганы менен, кайра толтурулбагандыктан түтүктөр тоңуп калды. Ал үйдө улгайган аял, кичинекей балдары менен, аларга кошуна дагы бир үй бүлө жашайт. Азыр суу жок болгондуктан, чака менен ташып келүүгө туура келүүдө. Ушу кантип болсун? – деп нааразы болду Тамара Пугина.

Пенсия жашындагы аял курулуш компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүү эч жыйынтык бербегенин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып атып чарчагандыгын, бул абалдан кантип чыгуу боюнча эч ким чара көрбөй жаткандыгын белгиледи.

-Мэриядан менин арызымды Свердлов районунун акимине жиберишти, ал жактын өкүлү келип, менин суроомо: Бул үйдү баары бир бузушат, анын жарымын сатып алышыптыр, сизге да чыгымын төлөп беришет, бирок, баасын өтө эле көтөрүп салбаңыз", - деп жооп берди. Бирок, курулуш компаниясы сунуш кылган баа бизди канааттандырбайт. Ооба, үй самандан салынган, бирок, шаардын борбордук бөлүгүндө орун алып жатпайбы, - деп ыйлактады пенсия жашындагы аял.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД